Tuesday, 31 March 2020, 19:38:00 — Baku (UTC+4)
Түрк Тилдүү Ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясы

Түрк дүйнөсүнүн “Кастамону - 2018” маданий ордосунун ачылыш аземи

2018-жылдын 21-мартында “Республика” аянтында Нооруз оту жагылгандан кийин Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырымдын катышуусунда Түрк дүйнөсүнүн “Кастамону - 2018” маданий ордосунун ачылыш аземи болду.

Кастамону муниципиалитети менен кызматташтыкта ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулган бул иш-чара кеңири аудиторияны топтоп, ага министрлер, парламентчилер, дипломаиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ошондой эле Түркиянын ар кайсы региондорунан келген меймандар катышты.

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым өз сөзүндө жаздын келишин символдоштурган Нооруз майрамы менен куттуктап, 21-март Кастамонуну түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланган күн эле эмес, түндүк жарым шарындагы дээрлик баардык өлкөлөр белгилеген Нооруз майрамы белгиленген күн экенине токтолду.

Куттуктоо сөздөрүнөн кийин иш-чара түрк дүйнөсүнө кирген Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстан жана ошондой эле Алтай, Башкортостан, Якутия, Дагестан, Кабардин-Балкария, Бурятия (Россия Федерациясы), Гагаузия (Молдова), Македония, Косово, Сербия , Босния жана Герцеговинадан келген сүрөтчүлөрдүн эмгектерин көрүү менен уланды.

Иш-чарага ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Али Йылдыз дагы катышты.