Бакуда ЕККУнун Жибек жолун колдоо тобунун конференциясы болуп өттү
2018-жылдын 13-мартында Азербайжандын борбор калаасында Азербайжандын Милли Межилиси жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Парламенттик Ассамблеясынын (ПА) Жибек жолун колдоо тобу тарабынан уюштурулган «Жибек жолундагы экономикалык кызматташтыкты жана маданий байланыштарды өнүктүрүүдө парламентарийлердин ролу» аталышындагы эл аралык конференция болуп өттү. Конференцияга ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын жогорку кызматтардагы мүчөлөрү, бир катар тышкы иштер министрлери, парламенттердин спикерлери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты.
Ачылыш аземге Азербайжандын Тышкы иштер министри Эльмар Мамедъяров, ЕККУ ПАнын президенти Жорж Церетели, Монголиянын Тышкы иштер министри Дамдин Цогтбаатар; Монголиянын ЕККУ ПАдагы
делегациясынын башчысы; ЕККУдагы Азербайжан делегациясынын башчысы Милли Межилистин төрагасынын орун басары Бахар Мурадова, ЕККУнун вице-президенти Азай Гулиев, Кара деңиз экономикалык кызматташтык парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Асаф Гаджиев (КЭКПА) жана Европа, Кавказ жана Азия транспорттук коридордун өкмөт аралык комиссиясынын (ТРАСЕКА) башкы катчысы Мирчеа Сиопрага да келип катышты.
Конференцияга Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов да катышып, «Ишенимди арттыруу, маданий алака түзүү жана диалогго өбөлгө болуу» темасында баяндама жасады. Ɵз сөзүндө Башкы катчы байыркы Жибек жолун кайра жаратууда түрк тилдүү өлкөлөрдүн орду өтө чоӊ экендигин, себеби алар бул маршруттун зор бөлүгүн ээлей тургандыгын айтып өттү. А.Мамаюсупов «Жаӊы жибек жолун» иш жүзүндө өнүктүрүү үчүн эӊ алды менен мыйзамдык жактан колдоо керек экендигин, ар кандай парламенттик платформалар, анын ичинде ТҮРКПА дагы бул процесске өз салымын кошо ала тургандыгын да баса белгилеп өттү.
Конференция соӊунда тиешелүү декларация кабыл алынды.