ТҮРКПА делегациясы Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик Бирлигинин 13-сессиясына катышууда
16-январда Иран Ислам Республикасынын борбору Тегеранда өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик Бирлигинин 13-сессиясына Башкы катчысы А.Мамаюсупов башында турган ТҮРКПА делегациясы байкоочу катары катышууда. Иш-чара Иран парламенти тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн - Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын делегациялары да катышууда. Түркия Республикасынын делегациясын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман баштап келген.
Иш-чаранын алкагында ТҮРКПА Башкы катчысы А.Мамаюсупов Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман жана ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн делегациялары, ошондой эле башка жогорку даражалуу өкүлдөр менен жолугушту.
Эске салсак, ТҮРКПА 2011-жылдан тарта Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик Бирлигинин конференциясына жана башка жыйындарына байкоочу катары катышып келет.