ТҮРКПАнын 2-пленардык жыйыны
2011-жылдын, 27 апрель – 2011-жылдын, 28 апрель
Астана

2011-жылы 27-28-апрелинде Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын экинчи пленардык жыйыны болуп өттү.

Жалпы жыйын Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналды.

Пленардык жыйында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрагасы Огтай Асадов мырза, Казакстан Республикасынын Парламентинин Төрагасы Урал Мухамеджанов мырза, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Кайрат Мамин мырза, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Ахматбек Келдибеков жана Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мехмет Али Шахин мырза жетекчилик кылган делегациялар катышты.

Ошондой эле, Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигинин Башкы катчысы Махмуд Эрол Кылыч, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы, Элчи Халил Акынжы,

Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары кеңешмесинин Башкы катчысынын орун басары Серхад Варлы, ТҮРКСОЙ Башкы катчысынын орун басары Фырат Пурташ атайын коноктор катары катышты.

2011-жылдын 27-апрелинде ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн - Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент төрагаларынын катышуусунда Ассамблея Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Кеңештин жыйынын ТүркПАнын Төрагасы, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрагасы Огтай Асадов мырза ачып, андан кийин расмий азем менен төрагалык Азербайжандан Казакстанга өттү. Ассамблея Кеңешинин жыйынында Башкы катчы 2010-жыл үчүн жылдык отчетун, 2011-2012-жылдарга бюджеттин долбоорлорун, ТҮРКПАнын эл аралык байкоочулар миссиясынын Кыргызстандагы жана Азербайжандагы парламенттик шайлоолорго, Казакстандагы кезексиз президенттик шайлоосуна катышуусу жөнүндө маалыматтар угулду, Ассамблеянын регламентине, Секретариаттын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө талкуу жүргүзүлдү, ТүркПАнын расмий желеги жана эмблемасы, Кыргыз тараптын презентациясынын негизинде Жогорку Кеңештин өкүлүн ТүркПАнын Башкы катчысынын орун басары катары шайлоо жана кезектеги III пленардык жыйынды Бишкекте өткөрүү маселелери пленардык жыйындын күн тартибине киргизилген.

Ошондой эле, Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигинин кайрылуусун карап чыгып, уюмга ТүркПАда байкоочу статусу берилди.

Жыйындын аягында Стамбул келишимине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин китепканалары ортосундагы кызматташуу жөнүндө Протоколдорго кол коюу аземи салтанаттуу түрдө өттү.

2011-жылдын 28-апрелинде ТүркПАнын экинчи пленардык жыйыны өз ишин баштады. Сессияны ТүркПАнын учурдагы Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламенттик Ассамблеясынын Төрагасы Урал Мухамеджанов мырза ачып, андан кийин башка парламенттердин Төрагалары чыгып сүйлөдү.

Сессияда Катчылыктын 2011-2012-жылдарга бюджети, Ассамблеянын Регламентине жана Секретариаттын Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ТүркПАнын расмий желеги жана герби кабыл алынды.

Андан соң, Кыргызстан тарабынан көрсөтүлгөн талапкер ТүркПАнын Башкы катчысынын орун басарлыгына шайланды жана Үчүнчү пленардык жыйынды Бишкекте өткөрүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары, ТүркПАнын жаңы төрт туруктуу комиссиясы түзүлдү. Жаңы түзүлгөн Эл аралык мамилелер боюнча комиссиянын төрагалыгына Азербайжан делегациясынын мүчөсү Ахлиман Амирасланов мырза, Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын төрагалыгына Казакстандын делегациясынын мүчөсү Гарифолла Есим мырза, Экономикалык, соода жана каржы маселелери боюнча комиссиянын төрагалыгына Кыргыз делегациясынын мүчөсү Кожобек Рыспаев мырза жана Укуктук маселелер боюнча комиссиянын төрагалыгына Түркия делегациясынын мүчөсү Агах Кафкас мырза шайланды.

Жаңы Регламентке ылайык, туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жана иш-аракеттери аныкталды.

ТүркПА Катчылыгынын Регламентине киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, жаңы түзүлгөн туруктуу комиссиялардын ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында комиссиянын катчыларынын кызмат орду белгиленип, алардын ыйгарым укуктары жана иш-аракеттери аныкталды.

Андан тышкары, ТүркПАнын Башкы катчысынын, анын орун басарларынын жана комиссиянын катчыларынын эл аралык кызмат адамдары деп таанылышына байланыштуу пунктар дагы ТүркПАнын Катчылыгынын Регламентине киргизилди.

Стамбул келишимине киргизилген жаңы өзгөртүүлөр менен Бириккен Улуттар Уюмунун расмий тилдеринин бири болгон Англис тили ТүркПАнын расмий тилдерине кошулуп, мүчө мамлекеттердин ТүркПАдагы делегацияларынын саны 7ден 9га көбөйтүлүп, Казакстан Парламентинин Сенатынын төрагасы ТүркПАнын Ассамблея Кеңешинин мүчөлүгүнө киргизилди.

Пленардык жыйындын аягында сессиянын жыйынтыктоочу документи болгон Астана декларациясы кабыл алынып, мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагаларынын катышуусунда пресс-конференция болуп өттү.

Декларация