Нурланбек Шакиев
KG
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Кыргызстандын ТҮРКПАдагы улуттук делегациясынын жетекчиси

1999-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин “Менеджмент” адистигин бүтүргөн.

1997-1999-жылдары «Учкун» гезитинин башкы редактору;

1999-2004-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы;

2005-2006-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору;

2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы;

2009-2010-жылдары «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору;

2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри;

2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин кеңешчиси;

2017-2021-жылдары «2 канал» (New TV) ЖЧКнын негиздөөчүсү, башкы директору;

2021-жылы № 17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланган;

2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган.