ТҮРКПАнын Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиясынын сегизинчи жыйыны
2021-жылдын, 20 сентябрь
Онлайн жыйын

2021-жылдын 20-сентябрында ТҮРКПА Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча Комиссиянын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта депутаттардын жана Катчылыктын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

"Пандемия абалында ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн айылдык аймактарындагы социалдык абал" аттуу негизги темага арналган жыйын Комиссиянын Төрагасынын орун басары жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин депутаты Низами Жафаров мырзанын төрагалыгынын астында өттү.

Комиссия бул маселе боюнча баяндаманы жана сунуштаманы, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Казакстандын Түркстан шаарында болуп өтө турган Онунчу Пленардык жыйында карала турган Комиссиянын алкагында иштелип чыккан "Кинематография жөнүндө" жана "Кинематография жана аудиовизуалдык чыгармаларды өндүрүү үчүн чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу жөнүндө" моделдик мыйзамдардын долбоорлорун талкуулап жактырды.