ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын онунчу жыйыны
2023-жылдын, 9 март
Oнлайн жыйын

2023-жылдын 9-мартында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) жетекчилиги астында "ТҮРКПАнын 15 жылдыгы: мүчө мамлекеттердин кызматташтыгы" темасындагы Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын 10-жыйыны онлайн форматта өттү. Жыйынга Комиссиянын мүчөлөрү, парламенттик эксперттер жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынды Комиссиянын Төрагасы, ТУУЖдун мүчөсү Эрол Кая мырза алып барды. Комиссиянын мүчөлөрү Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Жаваншир Фейзиев мырза, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын мүчөсү Руслан Рустемов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү Нуржигит Кадырбеков мырза, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Юксел Өзкан мырза менен Режеп Шекер мырза жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза жыйында сөз сүйлөдү.

Төрага Эрол Кая мырза сөзүн Түркиянын Кахраманмараш шаарында 2023-жылы 6-февралда болгон жана жалпысынан 11 провинцияда чоң кыйроолорго алып келген жер титирөөлөр тууралуу маалымат берүү менен баштады.

Түркия аймагынын болжол менен 12 пайызы жана 13,5 миллион жаран түздөн-түз жапа чеккен "кылымдын апааты" деп аталган бул жер титирөөдө 230 миң имарат кыйрап, 645 миң имарат жараксыз абалга келди. Бир тараптан аймактагы издөө-куткаруу иштерине 90 өлкөдөн 11 миң 500 жеке жана куткаруу топтору менен бирге жалпысынан 271 миң кишинин катышканы билдирилди. Мындан тышкары, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын бардык депутаттарынын аймактагы иштерди жеринде байкоо жүргүзгөнү белгиленди.

Кая мырза 11 шаарды калыбына келтирүү үчүн башталган 405 миң үй жана 83 миң айылдык турак-жайдын курулушу бир жылдын ичинде бүтөрүн билдирди. Кая мырза жардамга шашкан бардык өлкөлөргө, өзгөчө комиссия мүчөлөрүнүн катарында боордош ТҮРКПАга мүчө өлкөлөргө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жыйында Комиссия тиешелүү түрдө күн тартибинин маселелерин иштеп чыгып,

Анкарада өтө турган 12-пленардык отурумда сунуштала турган Комиссиянын отчетун жана сунуштамаларды бекитти.

Күн тартиби боюнча Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын аталышын “Билим берүү, маданий жана социалдык-гуманитардык маселелер боюнча комиссия” деп өзгөртүү боюнча сунушка баа берилди. Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасы менен Түркмөнстан мүчө катары Ассамлеяга кошулса, ТҮРКПАнын ишмердигине дароо кошулушуна байланыштуу тийиштүү даярдыктарды көрүү максатында эки өзүнчө комиссия түзүү сунушу талкууланды.