ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын тогузунчу жыйыны
2022-жылдын, 20 май
Нур-Султан

2022-жылдын 20-майында Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин уюштуруусунда ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча Комиссиясынын (ЭКК) “Пандемиядан кийинки мезгилде экономика: чакан жана орто бизнести мамлекеттик колдоо” аттуу тогузунчу жыйыны болуп өттү.

Жыйынды Комиссиянын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Амерхан Рахимжанов мырза алып барды. Талкуу пандемия жана постпандемия мезгилдеринде чакан жана орто бизнести колдоо боюнча ишке ашырылган жана ашырылып жаткан чаралар боюнча мүчө мамлекеттердин тажрыйбасын изилдөөгө арналды.

Комиссия тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мүчөсү, Комиссиянын мүчөсү Дастанбек Джумабеков мырза жана Комиссиянын Төрагасы Амерхан Рахимжанов мырза тарабынан сунушталган тема боюнча отчет жана сунуштамаларды кабыл алды. Документтер 2022-жылдын 23-24-июнунда Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында болуп өтө турган Он биринчи Пленардык жыйында сунушталат. Комиссия ошондой эле өзүнүн жыйындарынын темаларын жана алдыдагы беш жылдыкта Комиссиянын алкагында иштелип чыгуусу пландалган моделдик мыйзамдардын аталыштарын кабыл алды. Комиссиянын Онунчу жыйынын Кыргыз Республикасында өткөрүү чечими кабыл алынды.

Комиссиянын мүчөлөрү Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Балайым Кесебаева айым менен жолугушту. Төраганын орун басары ТҮРКПА алкагындагы кызматташтык түрк дүйнөсүн жакындаштыруу боюнча анын жаңы архитектурасын түзүп жатканын белгиледи. Комиссиянын мүчөлөрү жылуу меймандостугу үчүн кабыл алуучу тарапка ыраазычылыгын билдирип, 2022-жылдын 5-июнунда Казакстан Республикасында өтө турган Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду өткөрүүдө ийгиликтерди каалашты.

Тараптар эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги жана бул контекстте парламенттердин ролу боюнча пикир алмашышты.