ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын секизинчи жыйыны
2021-жылдын, 20 сентябрь
Онлайн жыйын

2021-жылдын 20-сентябрында Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын сегизинчи жыйыны виртуалдуу форматта өттү.

Жыйынга Комиссия мүчөлөрү жана Катчылыктын өкүлдөрү катышышты. Иш-чараны Комиссиянын төрагасынын орун басары жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Сауытбек Абдрахманов мырза жетектеди. Катышуучулар "ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн туризмин жакшыртуу: Ковид-19 пандемиясынын таасири жана келечектеги перспективалар" аттуу негизги темада талкуу жүргүзүштү.

Комиссия отчетту жана сунуштарды, ошондой эле укуктук документтерди 2021-жылдын 27-28-сентябрында Түркстан шаарында, Казакстанда, өтүүчү ТҮРКПАнын онунчу пленардык сессиясына сунуштала турган моделдик мыйзамдар жөнүндө, Аял-парламентарийлер тобу жана Жаш парламентарийлер тобу жөнүндө Жоболордун долбоорлорун жактырды.