ТҮРКПАнын Айлана-чѳйрѳ жана табигый ресурстар боюнча комиссиясынын алтынчы жыйыны
2021-жылдын, 20 сентябрь
Онлайн жыйын

2021-жылдын 20-сентябрында Айлана-чөйрө жана табигый ресурстары боюнча Комиссиянын алтынчы жыйыны виртуалдуу форматта Комиссиянын мүчөлөрүнүн жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Аталган жыйынды Комиссиянын Төрагасы жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттыкты сактоо боюнча Комитетинин Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза жетектеди. Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар “Суу ресурстарын жана жерди башкаруу” деген негизги темада пикир алмашышты.

Комиссия бул маселе боюнча отчет менен сунуштарды, ошондой эле 2021-жылдын 27-28-сентябрында Түркстан шаарында, Казакстанда, өтө турган Онунчу Пленардык жыйында карала турган “Энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана энергиянын натыйжалуулугу жөнүндө” моделдик мыйзамдын долбоорун карап жактырды.