Жаш парламентарийлер тобу
 

Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Жаш парламентарийлер тобу 2019-жылдын 18-декабрында Баку шаарында өткөн ТүркПАнын тогузунчу пленардык сессиясынын алкагында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн күн тартибинин негизги артыкчылыктарынын бири болгон жаштардын өнүгүүсү жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча мүчө-парламенттердин ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүү максатында түзүлгөн.

Топтун күн тартибинде жаштардын коомдогу ролун күчөтүү, алардын социалдык, экономикалык жана саясий турмушка катышуусу жана ТүркПАга мүчө мамлекеттерде чечимдерди кабыл алуу механизмдерине катышуусу боюнча төмөндөгү демилгелерди ишке ашырууга байланышкан маселелер каралат. Топ жаш парламентарийлердин Ассамблеянын ишине, ошондой эле жаш инсандардын бекем тармагын түзүү үчүн эл аралык уюмдардын ишине катышууга көмөктөшүүнү максат кылат.

Топ ТүркПАнын Төрагасы тарабынан анын төрагалык кылуу мөөнөтүнө дайындалган Топтун Жетекчисинен жана Тараптар тарабынан ар бир жыйынга атайын негизде дайындалган мүчөлөрдөн түзүлөт.

Топ өзүнүн тиешелүү документтерин кабыл алуучу өлкөлөрдө ТүркПАнын пленардык сессияларынын алкагында өткөрүлгөн кезектеги жыйындарда кабыл алат.

Башчы
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты
Катчылык
Аткаруучу катчы
+994 12 563 30 05
akif@turkpa.org
Топтордун жыйындары