ТҮРКПАнын I пленардык жыйыны
2009-жылдын, 29 сентябрь
Баку

2009-жылдын 29-сентябрында Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Биринчи Пленардык жыйыны болуп өттү. Жыйында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрагасы Огтай Асадов мырза, Казакстан Республикасынын Парламенти Мажилисинин Төрагасы Урал Мухамеджанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Айтибай Тагаев, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мехмет Али Шахин мырза катышты.

Иш-чарада ТҮРКПАнын Уставы, уюмдун Катчылыгынын Регламенти, ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысын жана Башкы катчысынын орун басарларын шайлоо маселелери талкууланды. Жыйында чыгып сүйлөгөндөр күн тартибиндеги маселелер боюнча өз ойлорун билдирип, сунуштарын беришти. Талкуунун жыйынтыгында ТҮРКПАнын Уставы, Катчылыктын Регламенти жана жылдык бюджети кабыл алынды. Уюмдун катчылыгы Баку шаарында туруктуу негизде иштейт деп чечилди. Пленардык жыйындарды жылына бир жолудан кем эмес, регламентте көрсөтүлгөн жерде жана убакытта өткөрүү максатка ылайыктуу деп табылды.

Иш-чарада парламентчилер ТҮРКПАнын Башкы катчысын жана анын орун басарларын шайлашты. Жалпы келишимдин негизинде Рамил Гасанов ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Казакстан Республикасынын өкүлү Мэлс Семгалиев, Кыргыз Республикасынын Авазбек Атаханов жана Түркия Республикасынын өкүлү Күршад Мелих Сарыарслан Башкы катчынын орун басарлары болуп шайланды. Жыйындын аягында ТҮРКПАнын Баку Декларациясы кабыл алынды. Ошентип, ТҮРКПАнын Биринчи Пленардык жыйыны өз ишин ийгиликтүү аяктады.

Декларация