ТҮРКПАнын 3-пленардык жыйыны
2012-жылдын, 14 июнь – 2012-жылдын, 15 июнь
Бишкек

2012-жылдын 14-15-июнь күндөрүндө Кыргызстандын борбор шаары Бишкекте өткөрүлгөн ТүркПАнын Ассамблея кеңеши жана Жалпы кеңешинин отуруму ийгиликтүү өткөрүлдү.

Отурумдун иш-чарасында ТүркПАга мүчө өлкөлөрдөн Азербайжан Республикасынын парламентинин төрагасы урматтуу Октай Асадов, Казакстан Республикасынын парламентинин төрагасы урматтуу Нурлан Нигматулин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы урматтуу Асылбек Жээнбеков жана Түркия Улуу Улуттук Ассамблеясынын төрагасы урматтуу Жемил Чичектин жетекчилигинде делегациялар, ошол эле учурда ар түрдүү эл аралык мекемелердин өкүлдөрү катышышты.

2012-жылдын 14-июнунда болгон Ассамблея кеңешинин 3-отурумунда ТүркПАнын кезектешкен төрагалыгы Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына өттү. Кеңештин 3-жыйналышынын күн тартиби кабыл алынды. Катчылыктын 2011-жыл үчүн башкы катчы тарабынан сунушталган каржы жана иш-чара отчеттору бекитилди жана төрт туруктуу комиссиялардын катчылары шайланды.

15-июнда өткөрүлгөн ТүркПАнын Жалпы кеңешинин 3-жыйналышында мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагаларынын жана делегацияларынын, айрыкча эл аралык мекемелер (PUIC), Түрк Кеңеши (CCTS), Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясы (PABSEC), Түрк дүйнөсүнүн Муниципалитеттер Биримдигинин (TDBB) өкүлдөрүнүн сөз сүйлөөлөрү угулду. Андан соң ТүркПАнын катчылыгы тарабынан даярдалган 2011-жылдагы иш-чарасына байланыштуу слайт көрсөтүүсү тартууланып, туруктуу комиссиялардын алгачкы жыйналыштарынын декларация отчеттору жана сунуш чечимдери кабыл алынды. ТүркПАнын Эл аралык байкоочулар комиссиясынын Түркия, Кыргызстан жана Казакстанда болгон президенттик жана парламенттик шайлоолоруна байланыштуу акыркы чечимдери жарыяланды. Ошол эле учурда жогоруда туруктуу комиссиялардын төрага орун басарлары шайланды, 4-Жалпы кеңеш отурумунун 2013-жылдын май айында Түркия Республикасында өткөрүлүшү тууралуу токтомдордун кабыл алынуусу аткарылды. Жалпы кеңештин отурумунда Башкы катчылыктын 2013-жыл үчүн бюджет долбоору бекитилди.

Жыйналыштын акырында Бишкек декларациясы кабыл алынды.

Жалпы кеңештин жыйналышынан кийин мүчө өлкөлөрдүн парламент төрагаларынын жана Башкы катчынын катышуусу менен ТүркПАнын Жалпы кеңешинин 3-жыйналыштарына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүлдү.

Декларация