Чолпон Султанбекова
KG
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын Төрагасынын орун басары

1995-жылы К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университетин бүтүргөн.

2006-жылы Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык Академиясынынын «Юриспруденция» адистигин аяктаган.

2007-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Дипломатиялык академиясынын Эл аралык мамилелер адистигин бүтүргөн.

1991-1992-жылдары Жалал-Абад шаардык Жарандык абалдын актыларын жазуу бөлүмүндө (ЗАГС) жетектөөчү адис.

1995–2010- жылдары акционердик жана жоопкерчилиги чектелген коомдордун жетекчиси 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча аялдар конгрессинин президенти.

2003–2005-жылдары «Кыргыз соода биримдиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.

2004-2005- жылдары «Алыш» белбоо күрөш федерациясын коомдук уюмунун президенти.

2010-2015-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 5-чакырылышынын депутаты: Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү комитетинин төрайымы; Билим берүү, илим жана спорт боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; “Республика” фракциясынын лидеринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары.

2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 6-чакырылышынын депутаты: Конституциялык мыйзамдардын, мамлекеттик түзүлүштүн, сот-укуктук маселелеринин жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары.

2016-2018 ж. Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри.

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланды: Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары; Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы.