Марлен Маматалиев
KG
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо комиссиясынын мүчөсү

2002-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган, бакалавр даражасы;

2003-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган, магистратура даражасы;

2011-жылы «Финанс жана кредит» адистиги боюнча Кыргыз экономикалык университетин бүтүргөн.

2003-2004-жылдары КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

2004-2006-жылдары КР Социалдык фонду, программалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башкы адиси, бөлүмүнүн жетекчиси, башкармалыгынын жетекчиси;

2006-2008-жылдары КР Экономика жана финансы министрлиги, маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

2008-жылы КР Финансы министрлиги, министрдин жардамчысы;

2007-2009-жылдары КР Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги, министрдин жардамчысы, кеңешчиси, Уюштуруу-кадр иштери жана финансылык камсыз кылуу башкы башкармалыгынын жетекчиси;

2009-2010-жылдары КР Биринчи вице-премьер-министринин кеңешчиси;

2010-жылы «Ар-Намыс» Саясий партиясы, Аппарат жетекчиси;

2010-2011-жылдары КР Жогорку Кеңеши, «Ар-Намыс» фракциясынын бөлүм башчысы;

2011-2012-жылдары – КР Экономикалык жөнгө салуу министрлиги, статс-катчысынын милдетин аткаруучу;

2012-жылы КР Өкмөттүн Аппараты, реалдуу сектор бөлүмүнүн башчысы;

2013-2016-жылдары «СУ-12» ЖАК, Башкармалыгынын Төрагасы;

2016-2018-жылдары «Аллор Строй Сервис» ЖАК, Башкы мүдүрү;

2018-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 6-чакырылышынын депутаты;

2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты: Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.