Кундуз Рустембекова
KG
Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын катчысы

Кытай Элдик (Renmin) университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн (2007). Кыргыз Республикасынын Юридикалык академиясынын боюнча магистратурасын бүтүргөн (2011) жана Берлин Эркин университетинде докторантурада окуусун улантууда.

Жеке ишканада маркетинг боюнча менеджер болуп иштеген, Казак-Немис университетинде (Алматы) жана Борбордук Азиядагы Америка университетинде (Бишкек) лекция окутуу боюнча иш тажрыйбасы бар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмүндө он эки жылдык мамлекеттик иш тажрыйбасы бар. ТүркПАда 2020-жылдын сентябрь айынан бери иштейт.