Низами Жафаров
AZ
Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты
ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын Төрагасынын орун басары

Азербайжан мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Филология илимдеринин доктору, профессор. Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү. Эмгек сиңирген илимпоз. Азербайжан Жазуучулар кеңешинин мүчөсү. Бүткүл дүйнөлүк Альпагут федерациясынын президенти.

1985-1987-жылдары Азербайжандын Насими атындагы Тил илими институтунда илимий кызматкери. 1987-жылдан «Адабият жана искусство» гезитинин бөлүм башчысы, 1991-жылдан Баку мамлекеттик университетинин түркология кафедрасынын окутуучусу, профессору, 1994-жылдан филология кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 2000-жылдан бери Баку мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, Азербайжандагы Ататүрк борборунун жетектеген.

Жаңы Азербайжан партиясынын мүчөсү. Милли Межлисинин экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Аймактык иштер боюнча комитетинин, Маданият комитетинин жана Топонимия комиссиясынын мүчөсү. Азербайжан-Бахрейн парламенттер аралык байланыштар боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Кувейт, Казакстан, Кыргызстан, Түркия парламенттери менен байланыштар боюнча жумушчу топтордун мүчөсү.