Ахлиман Амирасланов
AZ
Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты
ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы

Азербайжан мамлекеттик медицина институтунун дарылоо-профилактика факультетин бүтүргөн. Медицина илимдеринин доктору, профессор. Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын, Польшанын медициналык илимдер академиясынын, Россия илимдер академиясынын мүчөсү. Эмгек сиңирген илимпоз. Бүткүл дүйнөлүк онкологдордун, Ортопед-травматологдор ассоциациясынын, Америкалык клиникалык онкология коомунун, Европа реконструктивдүү хирургия ассоциациясынын мүчөсү.

1971-жылдан баштап Баку шаарынын клиникалык онкология госпиталынын врачы, хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. 1977-жылдан Москвадагы СССР Медицина илимдер академиясынын онкология илимий борборунда кенже илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер жана профессору. 1992-2015-жылдары Азербайжан медициналык университетинин ректору болуп дайындалган. 1993-жылдан бери Азербайжан медициналык университетинин онкология кафедрасынын башчысы жана ошол университеттин онкологиялык клиникасынын коомдук директору.

Жаңы Азербайджан партиясынын ветерандары кеңешинин депутаты. Он экинчи чакырылыштагы депутаты, ошондой эле төртүнчү жана бешинчи чакырылыштагы Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты болуп шайланган. Милли Межлистин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасы. Азербайжан-Түркия парламенттер аралык байланыштар боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Германия Федеративдүү Республикасы, Бириккен Араб Эмираттары, Финляндия, Черногория, Голландия, Россия жана Сауд Арабиясынын парламенттери менен байланыштар боюнча жумушчу топтордун мүчөсү.