2013-жылы И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинен инженер-механик адистигин алып ийгиликтүү аяктаган;
2016-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» бөлүмүн аяктаган.
1993-1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Армиясында жоокердик милдетин аткарган.
2005-2010-жылдары ОАО «Ак-Жолтой» мекемесинде иштеген;
2010-2011-жылдары Бишкек шаардык мэриясына караштуу транспорт башкармалыгынын КТП бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеген;
2011-2013-жылдары ЖЧК «АИИД-Сервис» фирмасында директордун орун басары болуп эмгектенген;
2013-2015-жылдары Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин районуна караштуу Муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген;
2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин 26-чакырылышынын депутаты болуп эмгектенди;
2017-2021-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаты, 2018-жылдан баштап Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайланган;
2021-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 7-чакырылышынын депутаты болуп шайланды: Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Комитетинин Төрагасынын орун басары.