Хикмат Маммадов
AZ
Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты
ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү

Баку Социалдык башкаруу жана саясат таануу институтунун, саясат таануу факультетин жана Азербайжан Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүн бүтүргөн. Саясий илимдердин доктору, профессор. Эмгек сиңирген журналист.

1986-жылы Баку муздаткыч заводунда токарь, ширетүүчү, конструктор, 1993-1995-жылдары "Чынар" гезитинин кабарчысы жана башкы кабарчысы, 1995-1999-жылдары Жаңы Азербайжан партиясынын борбордук аппаратында инструктор, башкы инструктор болуп иштеген. 1997-2008-жылдары Азербайжан Республикасынын Мамлекеттик жер жана карта комитетинин аналитикалык маалымат бөлүмүнүн башчысы, басма сөз кызматы жана аналитикалык маалымат борборунун жетекчиси, жалпы бөлүмдүн башчысынын орун басары, басма сөз кызматы жана аналитикалык маалымат бөлүмүнүн башчысы болгон. Андан кийин сектор, башкарманын мүчсөү. 2003-жылдан бери Баку мамлекеттик университетинин саясат таануу жана социология кафедрасында мугалим болуп иштеген. 2008-жылдан «Жаңы Азербайжан» гезитинин башкы редактору.

Жаңы Азербайжан партиясынын Башкармасынын мүчөсү. Милли Межлистин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Коргоо, коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Адам укуктары боюнча комитетинин, Тартип комиссиясынын жана Топонимика комиссиясынын мүчөсү. Азербайжан-Парагвай парламенттер аралык байланыштар боюнча жумушчу топтун жетекчиси. Босния жана Герцеговина, Улуу Британия, Кытай, Грузия, Индонезия, Испания, Корея, Кыргызстан, Мальта жана Түркиянын парламенттери менен байланыштар боюнча жумушчу топтордун мүчөсү.