Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатына шайлоо
2017-жылдын, 28 июнь
Казакстан

ТүркПАнын шайлоолор боюнча Эл аралык миссиясы 2017-жылдын 28 июунуда Астанада болуп, Сенаттын жогорку палатасына болгон шайлоого кыска мөөнөттө байкоо салышты.

ТүркПАнын байкоочулар кеңешине Азербайжандын Милли Межилисинен депутат Садакат Валиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутат Төрөбай Зулпукаров, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынан депутат Мустафа Исен кирген.

ТүркПАнын байкоочулар кеңеши шайлоо өнөктүгү учурунда Астанада бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Курамында депутаттардан турган байкоочулар миссиясы Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашев менен жолугушту. Ошону менен бирге Казакстандын Парламентинин, Тышкы иштер министрлигинин, жергиликтүү бийликтин жогорку кызмат адамдары менен жана шайлоого байкоо салып келген (КМШ ПАА) (ШКУ) өңдүү эл аралык уюумдардын өкүлдөрү менен кезигишти.

29 июунда болгон басма сөз жыйынында ТүркПАнын байкоочулар тобу Казакстан Республикасынын Сенатына болгон шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоолор боюнча стандартка туура келгенин билдиришип атайы кайрылуу жазашты.

Белгилей кетсек аталган иш чарага ТүркПАнын катчылыгынын кызматкерлери дагы көмөктөшкөн.

Шайлоо/референдум боюнча билдирүү