Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн шайлоого
2017-жылдын, 15 октябрь
Кыргызстан

ТүркПАнын Эл аралык байкоочулар миссиясы 2017-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасында өткөн Президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүздү. Аталган миссиянын курамына Азербайжан, Казакстан жана Түркия парламенттеринин мүчөлөрү жана ошондой эле ТүркПА катчылыгынын өкүлдөрү кирген.

Байкоочулар миссиясынын курамында Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин депутаты Низами Жафаров, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын депутаты Сарсенбай Енсегенов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Нурлан Дулатбеков, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары Фейзуллах Кыйыклык жана Эркан Айдын бар.

Сапардын алкагында ТүркПА Байкоочулар миссиясынын КР Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчилиги жана өкмөттүк чиновниктер менен жолугушуулары болуп өттү. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө байкоочуларга президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу толук маалымат берилди. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча добуш берүү үчүн болжол менен 3 025 770 адам катталган. Өлкө тышында 27 чет өлкөдө 37 шайлоо участогу уюштурулган.

16-октябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин КР Президентин шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчилери менен болгон жолугушуусуна ТүркПАнын Байкоочулар миссиясынан Азербайжан Республикасынын Милли Межилисинин депутаты Низами Жафаров катышты. Ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (парламент) Төрагасы Чыныбай Турсунбеков ТүркПАнын байкоочулар делегациясын кабыл алды.

ТүркПА Байкоочулар миссиясы добуш берүүнүн бардык этаптарындагы процесстерге көзөмөл жүргүзүштү. Шайлоо күнү добуш берүү участоктору саат 8-00дөн 20-00гө чейин ачык болду. Байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Ысык-Көл облусундагы (Чолпон Ата шаарындагы жана анын айланасындагы айылдардагы) шайлоо участокторунда болушту. Байкоочулар миссиясы добуш берүүдөгү жаңы технологияларды колдонууга жана биометрикалык маалыматтардын топтолушуна оң баасын беришти.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтары боюнча шайлоого болжол менен шайлоочулардын 56% келишкен. КР Президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков болжол менен 55% добушка ээ болду.

Добуш берүү маалында ТүркПАнын Байкоочулар миссиясы укуктук базадан чыгып кеткен жагдайларды же олуттуу эреже бузууларды көрө алган жок. Добуш берүү жүрүмү Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү.

ТүркПА Эларалык байкоочулар миссиясы Кыргыз Республикасында өткөн Президенттик шайлоо улуттук мыйзамдарга ылайык өттү деген бүтүм чыгарат.

Шайлоо/референдум боюнча билдирүү