Өзбекстан Республикасындагы Конституциялык референдум
2023-жылдын, 30 апрель
Өзбекстан

Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакыруусу боюнча жана анын мандатына ылайык Азербайжан, Казакстан жана Түркия парламентарийлери, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган ТҮРКПАнын Референдумга байкоо жүргүзүү миссиясы Өзбекстанда 2023-жылдын 30-апрелинде өткөн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүздү.

Миссия өзүнүн байкоо программасынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Зайниддин Низамходжаев менен жолугушуу өткөрдү.

Миссия Өзбекстанда референдумду уюштуруунун жана өткөрүүнүн укуктук негиздерин, референдумга чыгарылган Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн долбоорун карап чыкты.

Конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн долбоорунда көп сандагы сунуштардын негизинде Конституция текстинин 65%ы жаңыланган. Ушуга байланыштуу Конституциянын жаңы редакциясы катары өзгөртүүлөр долбоору референдумга чыгарылып, 2023-жылдын 30-апрелинде “Өзбекстан Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Өзбекстан Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын долбоору боюнча референдум өткөрүү чечими кабыл алынган.

Долбоор Өзбекстандын укуктук статусуна, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча күчөтүлгөн жоболорго, мамлекеттин социалдык милдеттенмелерге, коомдук саламаттыкты сактоого, экологиялык укуктарга, жарандык коом институттары жана массалык маалымат каражаттарына, мажбурлап иштетүүгө тыюу салууга, жеке менчиктин кол тийбестигинин кепилдиктерине, президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узатууга, сот бийлигинин көз карандысыздыгынын кепилдиктерин күчөтүүгө байланыштуу болгон. Долбоордо парламентаризмди мындан ары чыңдоо жана парламенттин ыйгарым укуктарын жогорулатууга байланыштуу түзөтүүлөр да камтылган.

Референдум күнү Миссиянын мүчөлөрү Ташкент шаарындагы шайлоо участкаларында болушуп, шайлоо участоктору ачылгандан баштап добуштарды саноого чейинки бардык этаптарда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. Миссия шайлоочулар, шайлоо участкаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашты. ТҮРКПАнын байкоочулары жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью беришти.

1-майда Миссия өзүнүн байкоо ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Миссия байкоо жүргүзгөн шайлоо участкаларындагы жалпы добуш берүүнүн жүрүшүнө оң баа берди.

Миссия референдумду башкаруу органдары референдумду өткөрүүгө жетиштүү ресурстар менен камсыз болгондугун жана профессионалдуу даярдалганын белгиледи. БШКнын төмөнкү деңгээлдеги комиссияларды окутуу, даярдоо процессинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыздоо боюнча иши, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын тоскоолдуксуз жана көз карандысыз шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу боюнча референдумду башкаруу органдары тарабынан көрүлгөн чаралар жогору бааланды.

Миссия 2023-жылдын 30-апрелинде Өзбекстан Республикасындагы Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум мамлекеттин улуттук мыйзамдарына жана эл аралык стандарттарга ылайык өткөрүлдү деген корутунду чыгарды.

Шайлоо/референдум боюнча билдирүү