Кыргыз Республикасындагы Конституциялык референдум
2021-жылдын, 11 апрель
Кыргызстан

ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө жана табигый ресурстары боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары Режеп Шекер мырза жетектеген жана мүчө-өлкөлөрдүн парламентарийлери - Вугар Искандаров (Азербайжан), Едил Мамытбеков, Амерхан Рахимжанов (Казакстан), Яшар Карадаг мырзадан (Түркия) турган ТҮРКПАнын шайлоого байкоо жүргүзүү боюнча Миссиясы, ошондой эле Катчылыктын өкүлдөрү 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” референдумга кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүштү.

Добуш берүү күнүнө чейин Миссия Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов, Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен жолугушууларды өткөрдү.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов референдумду акыйкат, эркин жана ачык өткөрүү, ошондой эле байкоочуларга шарт түзүү үчүн бардык чаралар көрүлгөндүгүн белгиледи. Ал Конституция боюнча референдум өткөрүү демилгеси 2021-жылдын 10-январында шайлоочулардын көпчүлүгү президенттик башкаруу формасы үчүн добуш берген мурдагы элдик референдумдун логикалык уландысы экендигин белгиледи.

Парламент Төрагасы ТҮРКПА миссиялары тарабынан мүчө өлкөлөрдөгү шайлоолорго жана референдумдарга байкоо жүргүзүү боюнча калыптанган практиканын маанилүүлүгүн белгиледи.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Миссиянын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасындагы референдумдун жүрүшүнө кызыкдар болгондугу жана катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Министр референдумду Кыргыз Республикасындагы маанилүү саясий процесс катары мүнөздөп, таза жана ачык добуш берүүнү өткөрүү үчүн өлкө жетекчилиги тарабынан аткарылган ар тараптуу аракеттери жөнүндө маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова референдумга даярдыктар, анын ичинде логистикалык жана техникалык аспектилер боюнча байкоочуларга кеңири маалымат берди.

Маектешкендер менен жолугушуу учурунда ТҮРКПА миссиясы референдумга даярдыктын жогорку деңгээлин, айрыкча, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу үчүн заманбап технологияларды колдонууда жетишкендиктерди кубаттады.

Байкоочулар добуш берүү процессинин натыйжалары өлкөнүн мындан аркы прогрессине жана гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошот деген үмүтүн билдиришти.

Добуш берүү күнү ТҮРКПА Миссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров добуш берген Бишкектеги шайлоо участкасында болду. Президент ТҮРКПАнын Миссиясын Кыргыз Республикасындагы референдумга байкоо жүргүзүүгө катышуусун канааттануу менен баалады.

ТҮРКПА Миссиясы Бишкектеги бир катар шайлоо участкаларында болуп, добуш берүүнүн бардык этаптарында байкоо жүргүзүп, шайлоочулар, шайлоо участокторунун кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашты. Байкоо программасынын алкагында ТҮРКПА Миссиясынын мүчөлөрү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына интервью беришти.

ТҮРКПА Миссиясы ошондой эле КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынын Шайлоону Байкоо Миссиясы менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар референдумдун жүрүшү жана эки уюмдун кызматташтыгы боюнча мониторинг жүргүзүштү.

2021-жылдын 12-апрелинде Миссия жүргүзгөн байкоолорунун натыйжалары боюнча пресс-конференция өткөрүп, Кыргыз Республикасында апрелдин-11де болуп өткөн референдум улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү деп жыйынтык чыгарды.

Шайлоо/референдум боюнча билдирүү