Өзбекстан Республикасындагы президенттик шайлоо
2021-жылдын, 24 октябрь
Өзбекстан

2021-жылдын 24-октябрында ТҮРКПАнын Эл аралык байкоочулар миссиясы добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Ташкент жана Самарканд шаарларындагы бир катар шайлоо участокторуна барды. Миссия шайлоонун жүрүшүнө бардык этаптарда байкоо жүргүзүп, добуш берүү процессине бейлөө жүргүзүп, шайлоочулар, шайлоо участокторундагы кызматкерлер жана жергиликтүү байкоочулар менен баарлашты. Байкоочулар шайлоо тилкесинин ачылышына жана жабылышына да байкоо жүргүзүштү. БШКнын алдын ала маалыматы боюнча, шайлоого шайлоочулардын катышуусу 80,8 %ды түзгөн. Байкоо программасынын алкагында Миссиянын мүчөлөрү жергиликтүү массалык маалымдоо каражаттарына интервью беришти.

Эртеси күнү миссия өз байкоосунун жыйынтыгы боюнча пресс-конференция өткөрдү. Миссиянын башчысы Режеп Шекер мырза ММК өкүлдөрүнө ТҮРКПАнын миссиясынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди. Ал белгилегендей, шайлоону башкаруу органдары жакшы ресурстар менен камсызданып, шайлоону өткөрүү үчүн кесипкөйлүү даярданышкан.

Миссия президенттик шайлоо Өзбекстандын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деп жыйынтык чыгарды.

Шайлоо/референдум боюнча билдирүү