Башкы катчы Санкт-Петербургда болуп өткөн эл аралык форумга катышты
2023-жылдын, 18 май

2023-жылдын 18-19-майында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Санкт-Петербург шаарынын 320 жылдыгына карата “Санкт-Петербург – Шериктештиктин парламенттик борбору” аттуу эл аралык форумга катышты. Иш-чара КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПАА), Санкт-Петербургдун Өкмөтү жана Санкт-Петербург шаардык Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан биргелешип уюштурулган.

Форумдун программасы "Жаштар парламентаризми – жаштардын укуктук жана саясий маданиятын калыптандыруунун мектеби", "КМШ мейкиндигинде кызматташтыкты өнүктүрүү: Санкт-Петербург практикасынын өзгөчөлүктөрү", "Санкт-Петербург шаарынын Мыйзам чыгаруу жыйыны: эл аралык парламенттик кызматташтыктын тажрыйбасы", "Глобалдык трансформациялардын шартында парламентаризм" деген темалардын астында өткөн тегерек столдорду жана пленардык отурумду камтыган.

Форумдун алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр КМШ ПААнын Башкы катчысы Дмитрий Кобицкий, ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин парламентарийлери жана иш-чарага катышкан башка катышуучулар менен бир катар жолугушуу өткөрдү.

Форумга мүчө мамлекеттердин парламентарийлери, эл аралык уюмдардын, академиялык коомчулуктардын, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.

Иш-чара парламенттик дипломатияны жана диалогду өнүктүрүүгө, парламенттер аралык кызматташтыктын тажрыйбасын изилдөөгө салым кошууга багытталган. Форумдун жүрүшүндө орун алган талкуулар жаштар парламентаризмин өнүктүрүү, региондогу мыйзам чыгаруу органдарынын кызматташтыгы жана жаңы чакырыктардын фонунда парламенттик кызматташуу сыяктуу маселелерге арналды.