Шуша шаарында Түрк бизнес форуму өттү
2022-жылдын, 16 сентябрь

2022-жылдын 16-сентябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Шуша шаарында өткөн бошотулган аймактарды калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө арналган Түрк бизнес форумуна катышты.

Форумду Түрк мамлекеттер уюму, Түрк Соода жана өнөр жай палатасы, Азербайжан Республикасынын Экономика министрлиги, Азербайжан Республикасынын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү агенттиги (ЧОБӨА) жана Ишкерлер (иш берүүчүлөр) уюмдарынын улуттук конфедерациясы биргелешип уюштурушкан.

Иш-чарага Казакстандын, Кыргызстандын, Түркиянын, Өзбекстандын жана Венгриянын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле түрдүү уюмдарынын, дипломатиялык корпустун жана ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Форумдун максаты — түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык, ишкердик жана инвестициялык байланыштарды мындан ары тереңдетүү, ишкерлердин ортосундагы диалогду өнүктүрүү жана Карабак регионунун экономикалык жана инвестициялык потенциалы менен чет элдик ишкерлерди тааныштыруу болду.

Жыйындын жүрүшүндө расмий кызмат адамдары чыгып сүйлөштү.

Форумдун алкагында “Карабак жана Чыгыш Зангазур экономикалык региондорунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү” деген темада атайын сессия өткөрүлдү.