Башкы катчы Бакунун бошотулушунун 104 жылдыгына арналган иш-чарага катышты
2022-жылдын, 15 сентябрь

2022-жылдын 15-сентябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Азербайжан менен Түркиянын боордоштугунун жаркын көрүнүштөрүнүн бири болгон Бакунун большевик-дашнак баскынчылыгынан бошотулушунун 104 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Түркиянын Азербайжандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган бул иш-чара элчиликтин Нури Паша залында өткөрүлдү.

Иш-чарага Түркиянын Азербайжандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жахит Багжы, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Эфендиева, мүчө парламентарийлер, расмий кызмат адамдары, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле белгилүү саясий жана коомдук ишмерлер катышышты.

Ачылыш сөзүндө элчи Жахит Багжы шейиттерди эскерип, Армениянын куралдуу күчтөрүнүн согуштук провокациясынын натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу боордош элге көңүл айтты. Азербайжан жана Түркия шейиттери бир мүнөттүк тыныгуу менен эскерилип, андан соң эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды.

Конференциянын жүрүшүндө Башкы катчы да сөз сүйлөдү.

Конференциянын алдында «Бакунун Бошотуучусу» катары таанылган башкы колбашчы Нури Пашанын жетекчилиги астында Кавказ ислам армиясынын Баку шаарын бошотуусунун 104 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулган.