Башкы катчы Кыргызстандын Бакудагы Элчилигинде болду
2022-жылдын, 19 сентябрь

ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жана Башкы катчынын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган Кыргыз Республикасындагы улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилигине барышты. 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуу болуп, анын кесепетинен 59 кыргыз жараны каза болуп, адамдар жаракат алышып жана инфраструктурага зыян келтирилген.

Ассамблеянын эл аралык укуктун нормаларына жана принциптерине жана карама-каршылыктарды тынчтык жолу менен, саясий жана дипломатиялык ыкмаларды колдонуу менен, диалог жана сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салууга берилгендигин ырастап, Башкы катчы ТҮРКПАнын эки мамлекеттин ортосундагы чек ара чыңалуусун тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун билдирди. ТҮРКПА карапайым калкка каршы курал колдонуу жана жарандык инфраструктурага зыян келтирүү менен зомбулукка жана агрессияга жол берилбестигин, ошондой эле өз ара ишенимди, региондогу туруктуу тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн диалогдун маанилүүлүгүн эске салат. Башкы катчы ошондой эле түрк элдери менен боордош өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кайрат Осмоналиев ТҮРКПА делегациясына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы азыркы кырдаал жана бул маселени тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана расмий кызмат адамдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Башкы катчы элчиликтин көңүл айтуу китебине жазуу калтырып, чек арадагы кагылышууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.