ТҮРКПА Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин “AДА” университети менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду
2022-жылдын, 21 сентябрь

2022-жылдын 21-сентябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин “AДА” университетинде болуп, университеттин ректору, элчи Хафиз Пашаев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз институттарынын ишмердүүлүгү тууралуу бири-бирине маалымат беришип, өз ара кызматташуунун түрдүү аспектилерин, анын ичинде уюмга мүчө-өлкөлөрдүн тиешелүү университеттери менен байланыштарды жеңилдетүү маселелерин козгошуп, мындан ары да жемиштүү кызматташууга даяр экендиктерин баса белгилешти. Пашаев мырза Башкы катчыга өзү жазган китептердин топтомун жана “AДА” университетинин колдоосу менен басылып чыккан жана которулган китептерди тапшырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында ТҮРКПА менен “AДА” университети келечектеги кызматташуунун багыттарын белгилеген кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Тараптар келечектеги мүмкүн болгон долбоорлорду ишке ашыруу маселесин да талкуулап, үзгүлтүксүз байланыштарды жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү макулдашты.

Жаңылыктардын тартиптелиши
ТҮРКПА Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин “AДА” университети менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду
2022-жылдын, 21 сентябрь
(Бул баракчадагы жаңылык)