Бакуда Илтериш Кутлуг Кагандын мемориалдык комплексинин жана жазма эстелигинин бет ачары болуп өттү
2022-жылдын, 4 октябрь

2022-жылдын 4-октябрында Башкы катчынын орун басары Ноорузбек Арстанбеков Экинчи Гөктүрк каганатынын негиздөөчүсү Илтериш Каганга арналган мемориалдык комплекс менен жазма эстелигинин бет ачар аземине катышты.

Иш-чара Эл аралык Түрк академиясынын демилгеси менен Билим берүү жана илим министрлиги менен Баку мамлекеттик университети тарабынан биргелешип уюштурулган.

Ачылыш аземинде Азербайжандын Илим жана билим берүү министринин орун басары Фирудин Гурбанов, Баку мамлекеттик университетинин ректору Элчин Бабаев, Азербайжандын Улуттук илимдер академиясынын Вице-президенти Иса Хабиббейли, Азербайжан жазуучулар биримдигинин Төрагасы Анар Рзаев, Азербайжан Милли Межлисинин мүчөсү Ганира Пашаева, Азербайжан Милли Мажлисинин мүчөсү Жаваншир Фейзиев, Эл аралык түрк академиясынын Президентинин милдетин аткаруучу Физули Мажидли жана Түрк маданияты жана мурасы фондунун өкүлү Афат Гиблалиева сөз сүйлөштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга археологиялык табылгалар тууралуу кеңири маалымат берилди.

Гөктүрк өкүмдары Илтериш Каганга таандык деп эсептелген мемориалдык комплекс жана жазма эстелиги Эл аралык түрк академиясы (TWESCO) менен Монголиянын Илимдер академиясынын археологиялык институту Монголиянын Өтүкен аймагында биргелешип жүргүзүшкөн илимий казуулардын натыйжасында табылган.

Кезектеги бет ачар 15-декабрда Францияда ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктардын тартиптелиши
Бакуда Илтериш Кутлуг Кагандын мемориалдык комплексинин жана жазма эстелигинин бет ачары болуп өттү
2022-жылдын, 4 октябрь
(Бул баракчадагы жаңылык)