Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Гянджага иш сапарын уюштурду
2022-жылдын, 17 октябрь

2022-жылдын 17-октябрында Башкы катчынын орун басары Ноорузбек Арстанбеков Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан дипломатиялык корпустун, чет элдик жана жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн Ата Мекендик согуш учурунда армян куралдуу күчтөрүнүн Гянджага жасаган ракеталык соккуларынын курмандыктарын эскерүүнүн эки жылдыгына карата Гянджага уюштурулган иш сапарына катышты.

Эскерүү иш-чарасынын катышуучулары Гянджа мемориалдык комплексине барышып, курман болгондордун элесине таазим этишти. Алар адамдардын өлүмүнө, жаракат алууга себеп болгон жана шаардык инфраструктурага зыян келтирген чабуулдардын кесепеттери тууралуу катышуучуларга маалымат беришти.

Жаңылыктардын тартиптелиши
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Гянджага иш сапарын уюштурду
2022-жылдын, 17 октябрь
(Бул баракчадагы жаңылык)