ТҮРКПА “Акыйкатчылардын жана улуттук адам укуктарын коргоо институттарынын бизнес жана адам укуктары жаатындагы ролу” конференциясына катышты
2022-жылдын, 19 октябрь

2022-жылдын 19-20-октябрында Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров Азербайжан Республикасынын Адам укуктары боюнча комиссарынын (Акыйкатчысы) кеңсесинин 20 жылдыгына карата уюштурулган “Акыйкатчылардын жана Улуттук адам укуктарын коргоо институттарынын (УАУИ) бизнес жана адам укуктары жаатындагы ролу” аттуу Баку эл аралык конференциясына катышты.

Конференциянын максаты бизнес жана адам укуктары жаатындагы учурдагы тенденцияларды жана чакырыктарды талкуулоо жана алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүү болгон. Иш-чарага түрк мамлекеттеринин жана башка өлкөлөрдүн акыйкатчы институттарынын жана УАУИлеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана жарандык коом уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Эки күндүк конференциянын сессияларындагы жүргүзүлгөн талкуулар экономикалык жана социалдык укуктарды коргоодо акыйкатчылардын жана УАУИнин ролу, бизнес жана адам укуктары боюнча БУУнун жетектөөчү принциптерин ишке ашыруу үчүн учурдагы демилгелер, мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар, бизнес ишканалары тарабынан адам укуктарынын бузулушу боюнча даттанууларды кабыл алуу жана мониторингин жүргүзү, адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык жана регионалдык механизмдер менен өз ара аракеттенүү жана жарандык коом уюмдары менен УАУИнин бизнес жана адам укуктары жаатындагы ролуна арналган.

Жаңылыктардын тартиптелиши
ТҮРКПА “Акыйкатчылардын жана улуттук адам укуктарын коргоо институттарынын бизнес жана адам укуктары жаатындагы ролу” конференциясына катышты
2022-жылдын, 19 октябрь
(Бул баракчадагы жаңылык)