ТҮРКПА "Кыргызстан азербайжандык сүрөтчүлөрдүн көзү менен" аттуу көргөзмөгө катышты
2022-жылдын, 24 октябрь

2022-жылдын 24-октябрында Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов жана Комиссиянын катчысы Кундуз Рустембекова Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган “Кыргызстан азербайжан сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” аттуу көргөзмөгө катышты.

Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги тарабынан Азербайжандын Сүрөтчүлөр биримдигинин колдоосу менен уюштурулган көргөзмөнүн экспозициясына жаш сүрөтчүлөрдүн жана адистердин 120дан ашык эмгектери коюлган.

Ачылыш аземи Кыргыз Республикасынын Элчиси Кайрат Осмоналиевдин сөз сүйлөөсү менен башталды. Эки өлкөнүн тарыхый жана маданий салттарынын жалпылыгын баса белгилеген Осмоналиев мындай долбоорлор маданияттар ортосунда көпүрө болуп, Кыргызстан менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.

Иш-чарага дипломатиялык корпустун, эл аралык уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.