ТҮРКПА Литва караимдеринин жылына арналган конференцияга катышты
2022-жылдын, 28 октябрь

2022-жылдын 28-октябрында Башкы катчынын орун басары Ноорузбек Арстанбеков Литва Республикасынын Баку шаарындагы Элчилиги Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду менен биргеликте уюштурган Литва караимдеринин тарыхы жана маданияты жылына арналган "Литва караимдери" конференциясына катышты.

Иш-чарага кызмат адамдары, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле литвалык караимдер жана коомдук ишмерлер катышты.

Конференцияда Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Гүнай Эфендиева, Литва Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Элчиси Эгидиюс Навикас, Литвалык караимдердин маданий ассоциациясынын Төрайымы Карина Фиркавичуте жана башка коноктор сөз сүйлөштү. Катышуучулар литвалык караимдердин тарыхына, алардын Литва коомундагы орду жана ролуна токтолушту.

Иш-чаранын алкагында караимдердин маданиятынын үлгүлөрү жана улуттук кийимдери тартууланган сүрөт көргөзмөсү да уюштурулду. Караим өнөрпоздору улуттук музыкаларды, ырларды аткарышты.