Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун тогузунчу саммити болуп өттү
2022-жылдын, 11 ноябрь

Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр 2022-жылдын 11-ноябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында "Түрк цивилизациясынын жаңы доору — жалпы өнүгүү жана өркүндөөгө карай бирге" деген темада өткөн Түрк мамлекеттери уюмунун мамлекет башчыларынын тогузунчу саммитине катышты.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жетекчилик кылган Саммитке Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Казакстан Республикасынын Президенти Касcым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган, Венгриянын Премьер-Министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын мурдагы Президенти, Түркмөнстандын Милли Генгешинин Элдик маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана ТМУнун Башкы катчысы Багдад Амреев катышты.

Саммиттин жүрүшүндө уюмга төрагалык кылуу Түркиядан Өзбекстанга өткөрүлүп берилди. Жыйында өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн жана көп тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнүн, ошондой эле түрк мамлекеттеринин ортосундагы соода мамилелериндеки шарттарды жеңилдетүүнүн маанилүүлүгү талкууланды.

Саммитте 2022-2026-жылдарга ТМУ стратегиясы боюнча чечимдер, Жөнөкөйлөтүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашуу, Эл аралык курама жүк ташуу жөнүндө макулдашуу, Транспорттук байланыш программасы, ошондой эле Самарканд декларациясы сыяктуу бир катар маанилүү документтерге кол коюлду.

Түндүк Кипр Түрк Республикасына (ТКТР) ТМУда байкоочу статусу берилди. Саммитте Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча да чечим кабыл алынды.

Саммитте ТМУнун Башкы катчысын жана анын орун басарларын, Эл аралык Түрк академиясынын Президентин жана Вице-президентин дайындоо жөнүндө чечимдер кабыл алынды. Кубанычбек Өмүралиев башчылар тарабынан кезектеги мөөнөткө ТМУнун жаңы Башкы катчысы кызматына дайындалды.

Кезектеги Саммитти 2023-жылы Казакстанда өткөрүү чечими кабыл алынды.

Жыйын сыйлыктарды тапшыруу аземи менен коштолду. Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Түркмөнстандын Милли Генгешинин Элдик Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов "Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени" менен сыйланды.

Дүйнөгө белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун түрк дүйнөсүнүн биримдигине жана өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн Алишер Навои атындагы сыйлык каза болгондон кийин ыйгарылды. Сыйлык Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго тапшырылды.