Өзбекстандагы Түрк улуттук маданий борборунун 25 жылдыгы
2022-жылдын, 12 ноябрь

2022-жылдын 12-13-ноябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Ташкентте болуп өткөн Өзбекстандын Түрк улуттук маданий борборунун 25 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.

Түркия Республикасынын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу мырза баштаган делегация мүчөлөрү майрамдык иш-чараларга конок катары катышуу үчүн Өзбекстанга барышты.

Мааракелик программанын биринчи күнүнүн алкагында, 2022-жылдын 12-ноябрында Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ар кайсы улуттагы 15 жетим баланы башпаанек кылган Шомахмудовдордун үй-бүлөсүнүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи болду. Эстелик Өзбекстан элинин достугун, асылдыгын жана сабырдуулугун билдирет.

Салтанаттуу иш-чара Алишер Навои атындагы Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетинде «Өзбек-түрк маданий-гуманитардык кызматташтыгынын жаңы доору жана өнүгүү келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция менен коштолду.

Конференцияга Өзбекстан Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Этностор аралык мамилелер жана чет мамлекеттер менен достук кызматташтык боюнча комитеттин жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери, этнология лабораториясынын кызматкерлери, улуттук маданий борборлордун жана башка жогорку окуу жайларынын активисттери катышышты.

Этностор аралык мамилелер жана чет мамлекеттер менен достук кызматташтык боюнча комитетинин Төрагасы Рустам Курбанов мырза, Түркия Республикасынын Президентинин Башкы кеңешчиси Ялчын Топчу мырза, Өзбекстандын Түрк улуттук маданий борборунун Төрагасы Өмер Салман мырза жана башкалар куттуктоо сөздөрүн айтышты. Чакырылган меймандардын докладдары угулду. Конференцияда белгиленгендей, улуттар аралык ынтымак жана толеранттуулук өзбек элинин руханий жана маданий ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Өлкөнүн өнүгүшүндө түрктөрдүн орду тууралуу да пикирлер айтылды.

Күндүн экинчи жарымында Этностор аралык мамилелер жана чет мамлекеттер менен достук кызматташтык боюнча комитет түрк делегациясынын мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү.

2022-жылдын 13-ноябрында маданий программанын алкагында иш-чаранын катышуучулары үчүн Элдердин достугу аянтына жана Ташкент мамлекеттик өзбек тили жана адабияты университетине сапарлар уюштурулуп, андан соң гала-концерт уюштурулду.