ТҮРКПАнын байкоочулары Казакстан Парламентинин Сенатынын жетекчиси менен жолугушту
2022-жылдын, 18 ноябрь

2022-жылдын 18-ноябрында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын Төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Эрол Кая мырза жетектеген ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргузүү миссиясы (ШБМ) өзүнүн байкоо программасынын алкагында Казакстан Республикасы Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашымбаев мырза менен жолугушту.

Казакстандын шайлоого байкоо жүргүзүүгө чоң маани берип жатканын белгилеген Ашымбаев мырза ТҮРКПА ШБМдын мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого эл аралык байкоо жүргүзүү процессине кошкон салымын баса белгиледи.

Өз кезегинде Миссиянын башчысы Кая мырза ТҮРКПА ШБМдин ишмердүүлүгү шайлоо процессине объективдүү баа берүүгө багытталганын белгилеп, Казакстан элине алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалады.