ТҮРКПАнын байкоочулары Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту
2022-жылдын, 18 ноябрь

2022-жылдын 18-ноябрында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын Төрагасы, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын мүчөсү Эрол Кая мырза жетектеген ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы (ШБМ) өзүнүн байкоо программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Адил Турсунов мырза менен жолугушту.

Турсунов мырза Миссиянын мүчөлөрүнө Казакстандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого байкоо жүргүзүү процессине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоону маанилүү саясий процесс катары мүнөздөдү. Министрдин орун басары миссияга шайлоого даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Миссия таза жана ачык-айкын шайлоо өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.