Жогорку Кеңештин Төрагасы ТҮРКПА Катчылыгына келди
2023-жылдын, 16 май

2023-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Катчылыкка келди. Парламент башчысын Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов менен Искендер Матраимов, ТМУнун аксакалы Медеткан Шеримкулов, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Муса Гулиев жана эки өлкөнүн элчилери Латиф Гандилов менен Кайрат Осмоналиев коштоп жүрүштү.

Парламент башчысынын иш сапарынын алкагында кыргыз тарабынан белекке берилген улуттук кыргыз боз үйүнүн ачылыш аземи жана Катчылыктын короосуна көчөт отургузуу аземи болуп өттү.

Андан соң Жогорку Кеңештин Төрагасы Катчылыктын кызматкерлери менен жолугушту. Ал өз сөзүндө түрк мамлекеттерди бириктирүү жана жакындаштыруу максатында кызмат көрсөткөн уюм катары ТҮРКПАнын маанилүүлүгүн белгиледи. Шакиев мырза боз үй ата-бабалардан калган баа жеткис мурас экенин белгилеп, боз үй кыргыз маданиятынын атмосферасын өткөрүп, көчмөндөрдүн уникалдуу турак-жайы менен таанышууга мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди. Өз кезегинде Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр делегацияны жылуу кабыл алып, Ассамблеянын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.