ТҮРКПА Азербайжан Парламентинин Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган атайын отурумуна катышты
2023-жылдын, 16 май

2023-жылдын 16-майында Башкы катчы жана Башкы катчынын орун басарлары Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган атайын отурумуна катышты.

Жалпысынан иш-чарага чет мамлекеттерден 228 өкүл катышты. Жыйынды Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Гафарова ачып, улуу инсан, даанышман лидер Гейдар Алиев тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Отурумдун жүрүшүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр да сөз сүйлөдү. Ал бул маанилүү окуяга байланыштуу куттуктоо сөздөрүн айтып, Гейдар Алиевдин саясий курсунун маанилүү багыттарынын бири катары түрк мамлекеттери менен кызматташууну өнүктүрүү Азербайжандын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

Башкы катчы улуу лидер Гейдар Алиевдин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана Азербайжан менен түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

Иш-чарада түрк жана башка мамлекеттердин парламенттеринин башчылары жана мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.