ТҮРКПА Миссиясы Түркиядагы президенттик жана парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүздү
2023-жылдын, 14 май

Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын парламентарийлеринен, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы 2023-жылдын 14-майында Түркия Республикасында өткөн президенттик шайлоого жана жалпы парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүздү. Миссияны Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Саламаттыкты сактоо комитетинин жана ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы Ахлиман Амирасланов жетектеди.

Миссиянын байкоо программасында Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин Төрагасы Ахмет Йенер, ошондой эле шайлоого катышкан саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуулар камтылган.

Миссия шайлоонун мыйзамдык базасын, шайлоо системасын жана шайлоо мыйзамдарына киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдү карап чыкты.

Шайлоо күнү Миссия Анкарадагы шайлоо участокторун кыдырып, шайлоо участоктору ачылгандан баштап добуштарды саноого чейинки бардык этаптарда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүздү. ТҮРКПАнын байкоочулары добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салып, шайлоочулар, жергиликтүү байкоочулар жана шайлоо участкаларынын жетекчилери менен баарлашты.

15-майда миссия өз байкоосунун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү.

Миссия барган шайлоо участкалары мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын өз алдынча кирүүсүнө ылайыктуу деп табылды. Миссия шайлоо участкаларында жергиликтүү байкоочулардын болушун, бул өз кезегинде шайлоо процессинин ачык-айкын өтүшүнө салым кошконун баса белгиледи.

Миссия шайлоолор атаандаштык жана плюралисттик шартта, шайлоочулардын жогорку активдүүлүгү жана саясий партиялардын активдүү катышуусу менен өткөнүн баса белгиледи.

Миссия жер титирөөдөн улам жер которгон шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды жогору баалады.

Миссия 2023-жылдын 14-майында Түркия Республикасындагы президенттик шайлоо жана жалпы парламенттик шайлоо Түркия Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген корутунду чыгарды.