ТҮРКПА ЭТММФнин тегерек столуна катышты
2022-жылдын, 15 декабрь

2022-жылдын 15-декабрында Башкы катчынын орун басары Ноорузбек Арстанбеков Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду Баку мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурган “Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө катары түрк мамлекеттер” аттуу тегерек столго катышты. Иш-чарага мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн элчилери, белгилүү илим жана маданият ишмерлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Гүнай Афандиева жана Баку мамлекеттик университетинин ректору Элчин Бабаев ачылыш сөз сүйлөдү.

Тегерек столдо Түрк дүйнөсүнүн Чыгыш менен Батыштын ортосундагы маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү ролу, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн башка элдер менен илимий жана маданий байланыштары талкууланды.

Иш-чара Түрк элдеринин музыкасын аткаруу менен уланды.