ТҮРКПАнын Миссиясы Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин Төрагасы менен жолугушту
2023-жылдын, 13 май

2023-жылдын 13-майында Түркиядагы президенттик шайлоону жана жалпы парламенттик шайлоону көзөмөлдөө процессине катышкан ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Түркия Республикасынын Жогорку шайлоо кеңешинин (ЖШК) Төрагасы Ахмет Йенер менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө ТҮРКПАнын байкоочуларына шайлоого даярдык көрүү процесси жана анын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. ЖШКнын Төрагасы шайлоо системасы жана шайлоону башкаруу боюнча маалымат берип, Миссиянын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Миссия Түркия Республикасынын шайлоо өткөрүү боюнча бай тажрыйбасын баса белгилеп, алдыдагы шайлоону өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.