ТҮРКПА Миссиясы Казакстандын БШКнын Төрагасы менен жолугушту
2022-жылдын, 17 ноябрь

2022-жылдын 17-ноябрында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы 2022-жылдын 20-ноябрында Казакстанда өтө турган кезексиз президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн Астанага келди. ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Эрол Кая жетектеген Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Азербайжан, Кыргызстан жана Түркия парламенттерийлери, ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турат.

17-ноябрда Миссия Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Төрагасы Нурлан Абдиров мырза менен жолугушту.

БШКнын Төрагасы ТҮРКПАнын байкоочуларына жүргүзүлүп жаткан даярдыктар, бул жагдайда шайлоону башкаруу органдары тарабынан аткарылган иштер жана мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берди. Абдиров мырза ошондой эле шайлоо өнөктүгүнүн негизги этаптары тууралуу маалымат берип, миссия мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берди.

Миссия БШКга шайлоону даярдоодо жана аны таза, эркин жана ачык-айкын өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Миссия өзүнүн байкоо программасынын алкагында кызмат адамдары жана талапкерлердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, шайлоо күнү Астана жана Алматы шаарларында добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзөт. Миссия 21-ноябрда өтө турган пресс-конференцияда өз байкоосунун алдын ала жыйынтыктары боюнча билдирүү жасайт.