Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Губадлы менен Зангиланга сапар уюштурду
2022-жылдын, 10 декабрь

2022-жылдын 10-декабрында Башкы катчынын орун басары Ноорузбек Арстанбеков Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган Губадлы жана Зангилан облустарына болгон иш сапарына катышты.

Иш сапарга 150гө жакын катышуучу, анын ичинде Баку жана Анкарада жайгашкан 70ке жакын элчиликтин өкүлдөрү, 10дон ашык эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элчилер, аскердик атташелер, ошондой эле Түркиянын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

Меймандар үстүбүздөгү жылдын 20-октябрында Азербайжан менен Түркиянын мамлекет башчылары тарабынан расмий түрдө ачылган Зангилан эл аралык аэропорту менен таанышышты.

Иш сапардын алкагында бошотулган аймактарга Улуу кайтып келүү боюнча 1-Мамлекеттик программанын алкагында аткарылган иш-чаралар жана алдыдагы пландар боюнча брифинг өткөрүлдү.

Брифингдин аягында катышуучулар бошотулган аймактардагы экологиялык бузулуулар жана кыйроолор, жүргүзүлүп жаткан калыбына келтирүү жана реконструкциялоо иштери, анын ичинде Гейдар Алиев Фонду тарабынан курулган жаңы мечит, ошондой эле биринчи турак жай имараты, мектеп жана Зангилан шаарында ишке ашырылган башка долбоорлор тууралуу маалымат берилди.

Чет элдик конокторго ошондой эле Зангиландын Агалы айылындагы «Акылдуу айыл» долбоору, айылдын инфраструктурасы, Архимед турбиналык ГЭС тууралуу маалымат берилди.

Жаңылыктардын тартиптелиши
Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги Губадлы менен Зангиланга сапар уюштурду
2022-жылдын, 10 декабрь
(Бул баракчадагы жаңылык)