Венгрияда хун-түрк элдеринин Курултайы өттү
2022-жылдын, 12 август

2022-жылдын 12-14-августунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза Венгриянын Бугач шаарында өткөн хун-түрк элдеринин уруулук жыйыны болгон Курултайга катышты. Иш-чара көрүнүктүү окумуштуу Андраш Жолт Биро мырза жетектеген Венгрия-Туран фонду тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын алдында 11-августта Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын вице-спикери Шандор Лежак мырза парламентте түрк элдеринин өкүлдөрүн кабыл алды. Жетинчи Улуу Курултай парламентте болуп өткөн салтанаттуу ачылыш аземи жана Шандор Лежак мырзанын сөзү менен башталды. Башкы катчы М.Сүрейя Эр да ачылыш аземинде сөз сүйлөдү. Ушул эле күнү Башкы катчы Лежак мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Тараптар учурдагы жана келечектеги иш-аракеттерди, ошондой эле ТҮРКПА менен Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Курултайдын негизги бөлүгү Бугач шаарында өттү. Иш-чарага түрк элдеринин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле башка кызмат адамдары катышты. Бугачтагы Курултайдын ачылышында Баш катчы да сөз сүйлөдү.

Курултайга Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Ласло Көвер мырза, Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасынын орун басары Шандор Лежак мырза, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин Төрагасы Бинали Йылдырым мырза, Дүйнөлүк этноспорт федерациясынын Президенти Нежметтин Билал Эрдоган мырза, Кыргызстандын маданият, спорт жана маалымат министри Азамат Жаманкулов мырза, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Багдад Амреев мырза, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султанбай Раев мырза, Түрк Академиясынын Президенти Дархан Кыдырали мырза жана Өзбекстан Республикасынын Спорт министринин орун басары Авазжон Каримов мырза катышышты.

Эр мырза Курултайдын алкагында уюштурулган “Венгрия жана Чыгыш” форумуна катышты. Форумдун жүрүшүндө сүйлөгөн сөзүндө Башкы катчы жалпы тарых жана маданиятка таянган Венгрия менен түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдө Ассамблеянын ролун баса белгиледи.

Форумдун соңунда ТҮРКПА менен Венгрия-Туран фондунун ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.