Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Нахчыванда Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өткөрүлдү
2023-жылдын, 6 май

2023-жылдын 6-майында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Нахчыван шаарында Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевтин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата уюштурулган иш-чараларга катышты.

Иш-чараларга Азербайжанда аккредитацияланган резиденциясы Баку жана Анкарада жайгашкан 80 өлкөдөн 140 дипломат жана аскердик атташе жана 23 уюмдун өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин эстелигине жана Гейдар Алиевдин музейине барышып, Гейдар Алиевдин өмүрү жана ишмердүүлүгүнө байланыштуу фотосүрөттөр жана экспонаттар менен таанышышты. Конокторго Гейдар Алиевдин саясий ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алышты, анын үй-бүлөсүнө, балалык жана жаштык чагына арналган стенддер, анын Нахчыван Автономиялык Республикасынын Али Межлисинин Төрагасы болуп турган мезгилине тиешелүү документтер жана материалдар менен таанышышты. Музейдин китепканасында ошондой эле Гейдар Алиевдин өмүрүн жана ишмердүүлүгүн чагылдырган журналдар, альбомдор жана китептер, тасмалар жана гезит материалдары коюлган.

Сапардын алкагында коноктор “Гейдар Алиев жана Азербайжандын тышкы саясаты” аттуу конференцияга катышты. Баяндамалардын жүрүшүндө чет элдик конокторго Азербайжандын туруктуу өнүгүүсү үчүн Улуу лидердин басып өткөн жолу жана талыкпас ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилип, Азербайжандын мамлекеттүүлүгүндөгү жана өнүгүү тарыхындагы Гейдар Алиевдин ролу баса белгиленди.

Иш-чаранын алкагында Улуттук лидерге арналган видеоролик көрсөтүлдү.

Иш-чара Нахчыван Мамлекеттик Университетинин симфониялык оркестринин аткаруусундагы концерт менен аяктады.

Иш сапардын жүрүшүндө коноктор шаардын маданий, тарыхый жана туристтик жерлери менен да таанышышты.