Анкарада Ассамблея Кеңешинин жыйыны болуп өттү
2023-жылдын, 28 апрель

2023-жылдын 28-апрелинде Анкара шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда ТҮРКПАнын Ассамблея Кеңешинин 12-отуруму болуп өттү.

Кеңештин мүчөлөрү – Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп жана Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр катышты. Жыйындын жүрүшүндө ТҮРКПАдагы төрагалыкты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынына өткөрүп берүү аземи болуп өттү. Парламенттин төрагалары ачылыш сөз сүйлөштү. ТҮРКПАнын Төрагасы Мустафа Шентоп кесиптешине ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагалыгы учурунда аткарылган иштерди жогору баалады.

Кеңеш күн тартибиндеги маселелерди талкуулап, бир катар орчундуу чечимдерди кабыл алды. Кеңеш ТҮРКПАнын “Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын” аталышын “Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясы” деп өзгөртүү чечимин кабыл алды. Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жыйынына жана Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагына ТҮРКПАда байкоочу статусу берилди. Ошондой эле ТҮРКПАнын Кошулбоо кыймылынын Парламенттик тармагында байкоочу статусун алуу үчүн арыз берүү чечими кабыл алынды.

Ассамблея Кеңеши ТҮРКПАнын Комиссияларынын төрагаларын жана төрагалардын орун басарлары кызматтарына талапкерлерин бекитти жана Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын катчысын шайлады.