Анкарада Аял парламентарийлер тобунун экинчи жыйыны өттү
2023-жылдын, 27 апрель

2023-жылдын 27-апрелинде Анкара шаарында ТҮРКПАнын Он экинчи пленардык отурумунун алкагында “ТҮРКПА мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик ишканаларында жана улуттук компанияларында жетекчи кызматтарда аялдар үчүн милдеттүү квоталарды киргизүү” аттуу Аял парламентарийлер тобунун экинчи жыйыны болуп өттү.

Жыйынды топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чолпон Султанбекова ачты.

Аял парламентарийлер тема боюнча пикир алмашып, мүчө мамлекеттерде аялдар менен эркектердин бирдей мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу маселелери боюнча улуттук стратегияларды жана программаларды ишке ашыруу боюнча оң тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Катышуучулар чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча демилгелерге кошулуу, анын ичинде аялдарды жетекчилик кызматтарга даярдоого багытталган потенциалды жогорулатуу программаларын иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.

Иш-чара Топтун жыйынынын корутунду документи катары негизги тема боюнча сунуштамаларды кабыл алуу менен жыйынтыкталды.